• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Душамбе шаарында Кыргызстандын элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстандын Тышкы иштер министринин орун басары Зохир Саидзода менен жолугушуп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация процесстерин активдештирүү жана чек арада жаңжалдарды болтурбоо максатында бирдиктүү чараларды көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Андан тышкары Баткен жана Согдий облустарында биргеликте маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү да сүйлөшүлгөн.

Ошондой эле тараптар транспорттук, байланыш, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана суу-энергетикалык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулашкан.

Жолугушуунун соңунда тараптар мамлекет башчыларынын, тышкы иштер министрлеринин жана парламент аралык достук топторунун визиттерин уюштуруу боюнча эки жактуу консультацияларды өткөрүү керек экендигин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий