• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары жолукту

Саясат 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Күн мурун өткөн «Европа Биримдиги - Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу КР ТИмдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусун уюштуруу маселелерин талкуулашкан.

"Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн чек арага жанаша аймактарында ынак коңшулукту жана туруктуулукту колдоо үчүн зарыл чараларды кабыл алууга өзгөчө басым жасалды. Ч.Айдарбеков менен С.Мухриддин ушул жылдын 6-июлунда Тажикстандын Исфара шаарында аяктаган Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрү жакшы динамикага ээ болду деген бирдиктүү пикирге келишти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий