• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери чек ара маселеси боюнча кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрь күнү Москва шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри С.Мухриддин менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун башында Айдарбеков кесиптешин Тажикстандын Көз карандысыздыгынын 29 жылдыгы менен куттуктады.

"Министрлер күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди талкуулашты. Тараптар эки өлкө ынак коңшу экенин белгилеп, чек ара маселесиндеги кызматташтыкты тереңдетүү, чагымчылдыкка жол бербөө боюнча иш-аракеттерди координациялоо керектигин билдиришти. Министрлер коронавируска байланыштуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн өткөрүү мөөнөттөрү жылдырылганын сөз кылып, ал жолугушууларды жакынкы арада өткөрүү керектигин белгилешти", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий