• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 28.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелерин конструктивдүү маанайда талкуулап, 2023-жылга карата эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий