• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, өз ара аракеттешүүнүн мындан аркы келечегин белгилешти.

Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышуу болду.

Тараптар жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалогдун уландысы өз ара ишенимдин жогорку даражасынын жана саясий аракеттенүүнүн индикатору болуп саналарын өз ара белгилешти.

Иш-чаралардын мазмундуу бөлүгүн сапаттуу даярдоого өзгөчө басым жасалып, тараптардын кароосунда турган документтердин долбоорлорун өз убагында макулдашуунун зарылдыгы белгиленди.

Р. Казакбаев жана С. Мухриддин 2021-жылдын 16-мартында Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында өткөрүү пландаштырылган Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык делегацияларынын сүйлөшүүлөрү калган мамлекеттик чек ара тилкелерин тактоо боюнча иштерди улантууга жана туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоого тараптарга мүмкүнчүлүк берет деген пикирге келишти.

​Ошондой эле тараптар жакынкы аралыкта эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 17-отурумун өткөрүү маанилүү экендигин белгилешти.

Учурдагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин предметтик негизде талкуу максатында, Р. Казакбаев жана С. Мухриддин эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосундагы 2021-2022-жылдарга карата Кызматташтык программасында каралган Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги кезектеги кыргыз-тажик консультацияларын аралыктан өткөрүү тууралуу сүйлөшүштү.

Сүйлөшүү убагында С. Мухриддин Р.Казакбаевди 2021-жылдын 30-мартында Душанбе шаарында өтө турган Афганстан – «Азиянын Жүрөгү» аттуу 9-чу Министрликтер конференциясынын ишине катышууга чакырды.

Министрлер кыргыз-тажик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармоого макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий