• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери тынымсыз байланышта — ТИМ

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сироджиддин Мухриддин тынымсыз байланышта болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин биринчи катчысы Эрмек Кыштобаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 31 адам набыт болуп, 154 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий