• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон чек ара протоколунун деталдары

Саясат 0

Бишкек, 25.09.22. /Кабар/. КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары эмнелерди макулдашкандыгы тууралуу маалымат берди.

Билдирүүдө айтылгандай, 25-сентябрда "Кызыл-Бел-автожол" өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын компетенттүү органдарынын, Баткен облусунун (КР) жана Согди облусунун (РТ) башчыларынын, тараптардын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов чек ара аймактардагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту.

Тараптар "Тамдык" заставасынын (КР) жана "Бедак" заставасынын (ТР), "Булак-Башы" постунун (КР) жана "Кех" постунун (ТР), "Катта-Туз" постунун (КР) жана "Каракчикум" постунун (ТР), Чайхан жериндеги "Ак-Сай" постунун (КР) жана Ходжай-Аъло жеринде "Шаршара" постунун (РТ) аймактарында чек араны коргоонун ар кандай түзүмдүк бөлүктөрүн алып салууну жана мындан ары жайгаштырбоону макулдашты.

Аталган бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары консервацияланат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу мобилдик чек ара күзөттөрү тарабынан ишке ашырылат, алар чек араны так белгиленген жана макулдашылган каттамдар боюнча жүрүшөт.

Мындан тышкары, тараптар жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп турган участокторго видеобайкоо камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашышты.

Посттор коюлган участоктордо калк жашабай тургандыгын белгилей кетүү керек.

Мында жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан мурда колдонулган Тамдык (КР) - Бедак (ТР), Булак-Башы (КР) жана Кех (ТР) жер участокторунда айыл чарба иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.

Протоколго ылайык, биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан аскерлерди жана оор аскердик техниканы, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерлерге бөлүп берүү боюнча иши улантылат.

Протоколго ылайык, аскерлерди жана оор аскердик техниканы, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чек ара аймактарынан туруктуу жайгашкан жерлерге чыгарып кетүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун иши улантылат.

2022-жылдын 25-сентябрында саат 21:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Пикир

Оставить комментарий