• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Украина айыл чарба багытында кызматташат. Министр жана элчи жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-мартында, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Украинанын Кыргызстандагы элчиси В. Живтенко менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кант кызылчасын жана жүгөрүнүн, күн карама, арпа, буудайдын үрөнүн жеткирүү, айыл чарба азыктарын экспорттоо жана импорттоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулады.

Элчи Кыргыз Республикасынын айыл чарба жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, айыл чарба продукциясынын органикалык таза жана даамынын шириндигин баса белгиледи.

Ошондой эле В.Т. Живтенко айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу максатында министрди Украинага чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап мындан ары айыл чарба багытында тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий