• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Украина айыл чарба багытында кызматташууга даяр

Коом 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко менен жолукту.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар айыл чарба багытындагы тармакты талкуулашкан.

“Кыргызстанды биз экономикалык жактан өсүп келе жаткан келечектүү өлкө катары тааныйбыз. Кыргызстандын айыл чарба азык түлүктөрүн сатып алууга Украина кызыкдар жана Украинанын азык-түлүктөрдү кайра иштетүүчү сапаттуу техникалык жабдууларын Кыргызстанга экспорттоону көздөп жатат”, - деп билдирген Валерий Жовтенко.

Ошондой эле элчи Кыргызстандан малдын терилерин сатып алууга кызыкдар экенин белгилеген.

"Министрликтин эң негизгии приоритети - азык-түлүктөрдү ЕАЭБге жана башка өлкөлөргө сатуу, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, калыбына келтирүү, санариптештирүү болуп саналат. Биз ар дайым айыл чарба багытында кызматташууга даярбыз” – деп билдирген министр Чодуев.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптан 2019-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында бизнес-форум өткөрүү тууралуу макулдашышкан.

Пикир

Оставить комментарий