• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан менен Улуу Британия эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогорулатууга даяр

Саясат 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Глазго шаарында өтүп жаткан БУУ РКИК 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин Саммитине катышуусунун алкагында КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Тышкы иштер, шериктештик жана өнүктүрүү министрлигинин Европа жана Америка боюнча министри Венди Мортон менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев Улуу Британиянын климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча эл аралык күч-аракеттерди координациялоодогу алдыңкы ролун белгилеп, Кыргызстандын глобалдык жылуулукту ооздуктоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга умтуларын билдирди.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогорулатууга жана активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти, ага байланыштуу өз ара сапарлардын графигин талкуулашты.

2022-жылы өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу биргелешкен иш-чаралар талкууланды.

Ошондой эле аймактык коопсуздук маселелерине, анын ичинде Афганистандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий