• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.06.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбордук Азия иштери боюнча мамлекеттик министри Лео Докерти менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин кеңири талкуулашты.

Эдил Байсалов азыркы жетекчиликтин тушунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү жетишкендиктер жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырды.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча пикир алышып, эки тараптуу активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий