• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстан менен Венгриянын Айыл чарба министрликтери кызматташат

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков иш сапарынын алкагында Венгриянын айыл чарба министри Иштван Надь жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Жаныбеков "Будапешт планетасы 2021" туруктуу өнүгүү саммитине катышууга чакыргандыгы үчүн венгриялык кесиптешине ыраазычылык билдирди

Жолугушууда тараптар айыл чарба тармагын өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулап, төмөнкү багыттарды белгилешти:

- кластердик бирикмелерди Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин системасында Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду аркылуу каржылоо боюнча;

- асыл тукум бодо малдын эт жана сүт багыты боюнча кызматташуу, Кыргыз Республикасына асыл тукум мал чарба азыктарын жеткирүү боюнча кызматташуу;

- мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагына тийешелүү мамлекеттик органдары, илимий-изилдөө институттары менен кызматташуу;

- кызматкерлерди санариптик айыл чарба тармагында окутуу мүмкүнчүлүгү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, окутуу, рентабелдүү айыл чарба өндүрүшүн уюштуруу, сертификациялоо жана аны ишке ашыруу , анын ичинде органикалык өндүрүштөрдү экспорттоо;

- ветеринардык дары каражаттарын каттоо жана сертификациялоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, ошондой эле ветеринардык дарыларды жөнгө салуу ж.б.

Пикир

Оставить комментарий