• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Венгриянын дипмамилелерине 30 жыл. Эки өлкөнүн ТИМ башчылары кат алмашты

Саясат 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-апрелинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кыска тарыхый мезгилдин ичинде өлкөлөр кызматташуунун жемиштүү жолун басып өтүшүп, 2020-жылы Кыргызстан менен Венгриянын эки тараптуу мамилелери стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти.

Тараптар бекем келишимдик-укуктук базага негизделген кыргыз-венгер мамлекеттер аралык мамилелерин куруу боюнча олуттуу иштерди аткарышты. Бийик жана жогорку деңгээлдеги саясий диалог, ошондой эле биздин мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык түзүлдү.

2020-жылы Бишкекте Венгриянын элчилигинин жана 2021-жылдын 4-октябрында Будапештте КР элчилигинин ачылышы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү тарыхый окуя болуп калды. Дагы бир маанилүү кадам 2021-жылдын 5-ноябрында баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишке киришиши болду.

Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин, Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин алкагында активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда Бишкек – Будапешт – Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамын ачуу боюнча да биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.

Тараптар билим берүү жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү кызматташууга чоң маани беришет. Өткөн жылы венгер тарап кыргызстандык студенттер үчүн Венгриянын ЖОЖдорунда билим алуу квоталарын жыл сайын 200 орунга чейин көбөйтүүнү чечкен. Билим берүү жана кесиптик даярдоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Бул жылдар аралыгында КР менен Венгриянын ортосунда Евробиримдиктин, БУУнун жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында туруктуу диалог түзүлдү. Венгрия 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өткөн Биринчи ЕБ-БА Экономикалык форумун өткөрүү боюнча Кыргызстандын демилгесин колдогон. Форумга Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жана 15тен ашык венгриялык ишкерлерден турган бизнес делегация катышкан.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто куттуктоо каттары менен алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий