• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Венгриянын маданият жаатындагы кызматташуусу талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кызматташуунун эки тараптуу маселелери, тактап айтканда быйыл Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн, көрүнүктүү венгр скульптору Ласло Мессарошко мемориалдык такта ачуу жана Будапештте КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу долбоорун даярдоону талкуулашты.

Тараптар ошондой эле быйыл Венгрия тарабынан өтүп жаткан түрк жана хунн элдеринин Курултайына Кыргызстандын катышуусу боюнча пикир алмашып, туристтер үчүн Будапешт менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий