• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга болгон расмий иш-сапарынын алкагында Венгрия өлкөсү менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, жакынкы жылдары генетика, тарых, археология, искусство, маданият жаатында эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, эки тараптуу кызматташуунун шарттарына ылайык, Кыргызстанда венгер таануу институтун ачуу пландалып жатат. Ал эми Венгрияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылган сейил бакка анын айкели орнотулат. Венгрия өлкөсүндө улуу инсандын аты кеңири белгилүү жана “Ак кеме”, “Гүлсарат”, “Биринчи мугалим”, “Жамиля” повестери, “Кыямат”, “Тоолор кулаганда” романдары эң көп окулган адабий чыгармалардын катарына кирет.

Эскерте кетсек, КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билим берүү жана илим жаатында эки тараптуу келишимге кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий