• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга болгон визитинин алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы түз аба каттамын ачуу тууралуу маселе айтылган. 2020-жылдын май айында эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын деңгээлинде өткөн видеоконференцияда венгер тарап «WizzAir» авиакомпаниясы аркылуу түз аба каттамын ачууга даяр экендигин билдирген.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Будапешт-Бишкек багыты боюнча ар дайымкы каттамды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий