• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташуу программасына кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто бүгүн, 19-февралда Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бир күндүк сапардын жүрүшүндө Венгриянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы менен президент Сооронбай Жээнбеков, жолуккан. Андан тышкары, Сийяртонун КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана бир катар министрликтердин башчылары менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуулардын алкагында 2019-жылдын сентябрында болуп өткөн соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер Өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумунун жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Андан тышкары, 2020-жылдын биринчи жарымында С.Жээнбековдун Венгрияга күтүлүп жаткан расмий сапарын уюштуруу, эки тараптуу кызматташтыктык тереңдетүү жана бекемдөө жолдору боюнча пикир алмашуу болгон.

"Министр Айдарбеков менен Сийяртонун кеңейтилген курамдагы жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча КРнын жана Венгриянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2020-2021-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду", - деп кабарлашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий