• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Венгриянын Үрөн өстүрүүчүлөр ассоциациялары кызматташат

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Венгриянын Мартонвашар шаарында Кыргызстан менен Венгриянын Үрөн өстүрүүчүлөр ассоциацияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, макулдашууга кыргыз тараптан Үрөн өстүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Абдухаким Исламов, венгер тараптан Үрөн өстүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Такач Геза кол коюшту.

Кол коюу аземине Венгриянын айыл чарба министри Иштван Надь, Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков жана ФАО өкүлдөрү катышты.

Министр Иштван Надь өз сөзүндө Венгриянын үрөн өндүрүүчүлөрү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн генетикалык модификациясын колдонбой, салттуу селекция аркылуу өсүмдүктөрдүн сортторун жакшыртууну улантып жатканын баса белгиледи. Келишимге кол коюу эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ошондой эле Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Т.Кушчубеков Венгриянын айыл чарба министри И.Надь менен жолугушуп, анда Европа өлкөлөрүнө Кыргызстандын төө буурчактарын, балын жеткирүүнү, Кыргызстанда эт-сүт фермаларын жана айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү өндүрүшүн түзүүнү, ошондой эле биргелешкен үрөн чарбаларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий