• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Венгриянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-август күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Айдарбеков өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары түрүндө гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн венгер тарабына дагы бир ирет ыраазычылык билдирген.

Тараптар министр Сийяртонун ушул жылдын 15-июлунда Кыргызстанга жумушчу сапарынын жыйынтыктарын ишке ашыруунун жүрүшүн жана 2020-жылдын аягына чейин жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиктерин талкуулашты.

Андан тышкары, тараптардын учурдагы эки тараптуу документтерди кароосунун абалы жөнүндө маалымат алмашуу болду.

Ошондой эле министрлер коронавирустук инфекция жана анын терс социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүдө биргелешкен практикалык өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий