• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/ Бүгүн, 4-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев П.Сийяртону кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн окуялар жана учурдагы абал жөнүндө маалымдады. Министр Р.Казакбаев жаңжалды тараптардын конструктивдүү тынчтык диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана ок атышууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү боюнча буга чейин жетишилген макулдашууларды сактоо зарылчылыгын белгиледи. Мында, Кыргыз Республикасынын эки тараптуу жана эл аралык милдеттенмелерди жана макулдашууларды карманарына ишендирди.

Жаңжалдын натыйжасында карапайым элдин арасында курмандыктар бар экени кайгыруу менен белгиленди. Мындан тышкары, КР өкмөтүнүн алдында жаңжалдан кийинки мезгилде талкаланган инфратүзүмдүк жана социалдык объектилерди, жергиликтүү тургундардын үйлөрүн калыбына келтирүү боюнча маанилүү милдет турат. Ушуга байланыштуу Венгрия менен Европа бирлигинин Баткен регионунда калыбына келтирүү жана тынчтыкты сактоо иштеринин процессин колдоо көрсөтүүсүнө үмүт артарын билдирди.

Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто өз кезегинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. П.Сийярто дипломатиялык күч-аракеттер менен тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле тараптар Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртонун ушул жылдын 8-апрелинде Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргызстан жана Венгриянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү, Венгрияда Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча жүргүзгөн иш маселелери каралды.

Будапешттен Бишкекке түз аба каттамын ачуу боюнча биргелешкен ишти жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий