• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрель күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле КР президенти Сооронбай Жээнбековдин жооп иретинде Венгрияга пландалып жаткан расмий сапарынын күн тартибин талкуулашкан.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус менен күрөшүүдө өз ара кызматташуу маселелери тууралуу сөз болгон.

Министрликтен белгилешкендей, Венгрия тарап ал жакта билим алып жаткан кыргызстандык студенттерге жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий