• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстан $1,5 млрд биргелешкен долбоорлорду иштеп чыкты

Президент 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири форматта жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Садыр Жапаров соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишти улантууну көздөп жатканын белгиледи.

“Бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат. Биздин өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагы, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы 1,5 миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды”, - дейт Жапаров.

Өлкө башчы пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашарына ишенерин билдирди.

“Албетте, инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн каржылоо талап кылынат. Бул багытта Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонсок болот. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет. Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт”, - деп айтты мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий