• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте автобус чыгарууга макулдашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Ташкентте өткөн “Өзбекстан-Кыргызстан” бизнес-форумунун жыйынтыгы менен биргеликте автобус чогултуу жана айыл чарба техникаларын чыгаруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирүүдө.

Тараптар кир жуугуч машиналарды чогултуу, кабелдик продукцияларды жеткирүүнү колго алуу, Ошто соода-көңүл ачуу борборун жана Кыргызстан аймагында “Артель” техникалык мектебин куруу боюнча дагы макулдашышты.

Мындан тышкары 200 миллион АКШ долларына тете продукцияларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.

Экономика министрлиги билдиргендей, бизнес-форумда автомобиль куроо фирмалары жана эки өлкөнүн зергерлер бирикмелери ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Дөңгөлөк алкактарын, суу, бал, өсүмдүк майын, табигый таш жана травертин жеткирүүгө макулдашышты.

Өзбек-кыргыз бизнес-форуму 6-октябрда Ташкентте өттү. Ага эки өлкөнүн 500дөн ашуун бизнесмендери катышты.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий