• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте Камбар-Ата ГЭС-2ни курушат – Турдубаев

Экономика 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыгызстан жана Өзбекстан биргеликте Камбар-Ата ГЭС-2ни курушат. Бул тууралуу журналисттерге энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык кеңешинин 9-жыйынынын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, өзбек кесиптештер менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Камбар-Ата ГЭС-2нин курулуш долбоору боюнча түшүнүүгө жетиштик.

«Атап айткан, биз тараптан жол картасы даярдалган жана бүгүн биз техникалык-экономикалык негиздөө долбоорун активдештирүү маселесин талкуулайбыз. Аны менен катар кызматташтыгыбыздын шарттарын иштеп чыгууну баштайбыз жана келишим долбоорун даярдайбыз. Башкача айтканда, мунун бары – болжолдуу иштер. Биз аларды активдештирүүгө макулдаштык. Кандайдыр бир вариантын табууга үмүттөнөбүз»,-деди ал.

Мындан тышкары, Турдубаев сөз бирдиктүү кыргыз-өзбек долбоору тууралуу болуп жатат, ал инвестициялык келишимдин жыйынтыгында ишке ашат деди.

«Бул келишимде бардык маселелер боюнча, инвестиция кылуу жана башка аспектилерде бир бүтүмгө келебиз жана ал айкын инвестицияларды камтыган толук масштабдуу келишим болот»,-деген министр, долбоорду июнь айына чейин алдын ала даярдап, июлда аны макулдашууга берүү пландалып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий