• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте туристтик продукцияларды түзөт

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан биргелките туристтик продукцияларды түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Бишкекте “Кыргызстан – Өзбекстан" бизнес-форумунун ачылышында Өзбекстан президентинин аппаратынын жетекчиси Сардор Умурзаков билдирди.

Ал бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстан аймактагы эң ачык өлкөлөр болуп саналарын, аны туризмди алдыга жылдырууда колдонуу керектигин белгиледи.

“Биз бергелеликте туристтик продукцияларды түзүүгө милдеттүүбүз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан жана Өзбекстан үчүнчү өлкөлөрдүн туристтеринин максималдуу санына визасыз режим киргизген аймактагы эң ачык өлкөлөрдөн болуп саналат. Бул үчүнчү өлкөлөрдөн келген туристтерди биздин жана сиздердин өлкөдө узак мөөнөткө кармап туруу үчүн продукцияларды түзүүгө эбегейсиз мүмкүнчүлүк берет. Демек, бул биздин чакан бизнесибиз үчүн, экономикаларыбыздын өсүшүнө жана бюджеттерибизди толтурууга кошумча киреше жана ал элдин алдындагы социалдык милдеттенмелерди аткаруубузга жол ачат”, - деди Умурзаков.

Ал биргелешкен туристтик продукцияларды түзүүнү иштеп чыгууда тараптар ар бир өлкөнүн жалпы тарыхый, маданий мурастарын жана жаратылыш өзгөчөлүктөрүн биринчи орунга коюшу керектигин белгиледи.

“Мен өткөн жылы Ысык-Көлгө канча өзбекстандык келгени тууралуу маалыматты угуп таң калдым, ал эми бүтүндөй Кыргызстанга келгендердин саны андан дагы көп. Биргеликте өз ара туризмди алдыга жылдырып, эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу зарыл”, - деди ал.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 168 млн долларлык 11 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий