• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашты

Экономика 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кыргызстан жана Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашышты, - деп билдирет КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы.

“Токтогул суу сактагычына сууну топтоо жана 2021-2023-жылдар аралыгында Өзбекстандын айыл чарбасын сугат суу менен камсыздоо максатында 1 кВт/саат үчүн шарттуу баада 750 млн кВт/саатка чейин көлөмдө электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө макулдашууга жетишилди”,-деп айтылат маалыматты.

Ошентип, Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү 2021-жылы марттан октябрга чейин жана 2022-жылы март-апрель айларында ишке ашырылат, андан кийин 2021-2023-жылдардын июнь айынан августуна чейинки мезгилде Өзбекстанга электр энергиясынын ушул көлөмү кайтарылып берилет.

Пикир

Оставить комментарий