• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстан ири суммага биргелешкен долбоорлорду ишке киргизишти - Пономарев

Экономика 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Өзбекстандын президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында өлкөлөр ортосунда жалпы суммасы 1,5 миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга кол коюлду. Аны менен бирге Кыргызстан менен Өзбекстан Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту.

Бизнес-омбудсмендин орун басары Сергей Пономарев аймактагы маанилүү процесске комментарий берип жатып, Кыргызстан менен Өзбекстан - боордош элдер экенин билдирди.

"Чынында эле, бүгүнкү күндө экономикалык процесстерге жана интеграцияга байланышкан маселелер эки өлкөнүн ишкерлери жана жарандары үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Бизнестин тынч жана жемиштүү иштеши үчүн саясий деңгээлде шарттар түзүлсө жакшы болмок. Анткени, Өзбекстан менен эле эмес, башка мамлекеттер менен да тоскоолдуктар болгон кезде бизнес эле эмес, карапайым калк да жапа чегет. Бизнес өнүксө элдин жыргалчылыгы үчүн жакшы болот, анткени бизнес экономиканын флагманы болуп саналат", - деди Пономарев.

Ал Кыргызстанда бизнес жана чет элдик инвестиция үчүн жагымдуу шарттар бар экендигин кошумчалады. Анткени ишкерлердин укугун коргой турган бир нече инстанция бар - мамлекеттик жана көз карандысыз.

"Мисалга алсак, биздин бизнес-омбудсмен институту жергиликтүү ишкерлерди гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген инвесторлордун да укугун коргойт. Эгерде Өзбекстандын ишкерлери бул жерде иштеп калышса, алар үчүн бул маалымат пайдалуу болот. Алар мамлекеттик кызматтарга же көз карандысыз органдарга кайрыла алышат, башкача айтканда, аларда ар дайым тандоо укугу болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий