• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча бир катар документтерге кол койду

Экономика 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча бир катар документтерге кол койду. Документтерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 8-11-март күндөрү Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шааырында кол коюлду.

Документтердин тизмеси:

- КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан дүң жана чекене соода үчүн Ташкент шаарында “Кыргызстанда жасалган” жана Бишкек шаарында “Өзбекстанда жасалган” соода борборлорун (соода үйлөрүн) түзүү боюнча “Жол картасы”;

- Өзбекстан Республикасынын «Узавтосаноат» ААК, «ДТ Техник» ЖЧКсы жана Кыргыз Республикасынын «НУР» АК ортосунда Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү (СКД) уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Бул макулдашууга КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында кол коюлган.

- КР «Бишкек машина куруу заводу» ААКсы менен Өзбекстандын «CHIRCHIQ MASHAGRO» ЖЧК компаниялар тобуна кирген «MOYHAQ SELMASH» ЖЧКсы менен стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу.

Бул макулдашуу Кыргызстандын жана ЕАЭБ рынокторунда кийинчерээк ишке киргизүү менен айыл чарба техникасы үчүн заманбап, инновациялык, атаандаштыкка жөндөмдүү жабдыктарды чыгарууну камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий