• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстан маданият тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашты

Маданият 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен Өзбекстан Республикасынын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда эки мамлекетте үзгүлтүксүз өткөрүлүп турган эл аралык маданий иш-чараларга Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият жана искусство кызматкерлеринин жигердүү жана мыкты катышып жаткандыгы үчүн бири-бирине ыраазычылыктарын билдиришти.

Тактап айтканда, министр Кайрат Иманалиев өзбек артисттеринин оюндарына суктанып, алардын жогорку даярдыгын жана Өзбекстандагы фестивалдарды мыкты уюштургандыгын белгиледи.

Өзбекстандын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев көрүнүктүү казак акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларга катышууга чакыруу бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.

Министр Кайрат Иманалиев Кыргызстандагы өзбек маданияты канчалык жогору бааланып, популярдуулукка ээ болуп жаткандыгына токтолуп, ырларга жана тасмаларга токтолуп, көптөгөн белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрү Ташкенттеги көркөм сүрөт окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү болгонун баса белгиледи.

Министрдин орун басары Олимжон Мирзаев Өзбекстандын маданият тармагындагы жетишкендиктери жөнүндө кыскача айтып, виртуалдык чөйрөнүн айнектериндеги спектаклдерди жана башка театрлаштырылган оюн-зоокторду көрүү үчүн 3D технологияларын киргизүү боюнча көз карашы менен бөлүштү.

Сүйлөшүүнүн жана пикир алмашуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн министрликтеринин өкүлдөрү ушул жылга пландаштырылган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды өткөрүүдө тыгыз өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий