• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычын мөөнөтсүз мезгилге биргелешип пайдаланат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети бүгүн, 11-декабрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда жактырды.

Келишимге ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу толугу менен Кыргызстанга өткөн. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Орто-Токой суу сактагычы чегарадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Анын жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калгандыктан, ага ээлик кылуунун шарттары узак мезгилден бери чечилбей келген. Буга чейин аны өзбек сакчылары кайтарып турган.

Пикир

Оставить комментарий