• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычын туруктуу пайдаланууну макулдашышты

Коом 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын туруктуу пайдалануу боюнча бир пикирге келишти.

2-3-апрель күндөрү Бишкек шаарында эки өлкөнүн өкүлдөрү суу сактагычтагы сууну пайдалануу боюнча жолугушуу өткөрүштү.

Делегацияларды Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев жана Өзбекстандын айыл чарба министринин орун басары Р.Мамутов жетектеди.

Эки тарап каржылоо механизмдерин талкуулап, Орто-Токой суу сактагычын пайдалануу боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий