• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстан соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол койду

Экономика 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол койду.

Документтерге кол коюу иш-чарасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп, ага кыргыз тараптар экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кол койду.

Документтердин тизмеси:

- 2023-2025-жылдарга Өзбекстан Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы;

- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Мындан тышкары, аймактарды өнүктүрүү саясатын ишке ашыруунун алкагында министрлик эки өлкөнүн Жалал-Абад менен Наманган, Ош жана Анжиян, Баткен жана Фергана, ошондой эле Ысык-Көл жана Жиззак облустарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча Комплекстүү программаларга кол коюуну иштеп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий