• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстан транспорт жана жарандардын кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алды

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрмө бекеттериндеги жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы билдиргендей, эки мамлекеттин жарандары республикалардын аймактарына чектөөсүз кире алышат. Бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек:

• акыркы 14 күн аралыгында Кыргызстандын аймагында болгон же акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирус жок экенин көрсөткөн ПЦР-тест тууралуу маалымкаты бар адамдар Өзбекстанга кирип жатканда карантиндик көзөмөлгө алынбайт. Өлкө аймагына кирип келе жаткан Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өткөрмө бекеттерде дене табы ченелип, анкета толтуруп сурамжылоодон өтүшөт;

• Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан жана Кыргызстандын аймагында гана болуп келген Өзбекстандын жарандары республикага кайтып келе жатканда карантиндик көзөмөлгө алынбайт.

• башка учурлардын бардыгында Кыргызстанга жана Өзбекстанга келе жаткан адамдар бул өлкөлөрдө бекитилген тартипке ылайык карантиндик көзөмөлгө алынат.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды өткөрүү төмөндөгү өткөрүү жайлары аркылуу ишке ашырылууда: "Достук-автожол", "Кызыл-Кыя-автожол", "Кадамжай-автожол", "Маданият-автожол" жана "Баймак-автожол".

Транспорт каражаттары "Кадамжай-автожол", "Достук-автожол" жана "Кызыл-Кыя-автожол" көзөмөл-өткөрмө жайлары аркылуу өтө алышат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан тарта Өзбекстан COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмесине кирген.

Пикир

Оставить комментарий