• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстан Ысык-Көлгө жаңы аба каттамдарды ачуу маселесин талкуулашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын авиация бийлиги “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты. Өлкөнүн Транспорт министрлигинин кабарлашынча, бул боюнча Ташкентте эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.

Тараптар мындан тышкары Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө учуу жана Өзбекстанда кыргыз авиакомпаниясынын өкүлчүлүгүн каттоо маселесин карашты.

4-июлда ичинде 190 жүргүнчүсү бар өзбекстандык учак Тамчы айылында жайгашкан "Ысык-Көл" аба майданына келип конгон.

Учуу убактысы – бир саат 20 мүнөт. Бул рейстер жайкы туристтик сезон маалында - август айынын аягына чейин ар шейшембиде аткарылып турат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий