• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара сооданын көлөмүн $2 млрд жеткирүүнү көздөйт

Аналитика 0

Тездик менен алдыга жылып, экономикалык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду тез арада ишке киргизүү — Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын негизи болду. Тапшырмалар жана милдеттер көп, ошондуктан Акылбек Жапаровдун коңшу өлкөнүн жетекчилигинин өкүлдөрү менен болгон бардык расмий жолугушууларында алар кагаз жүзүндө гана эмес, көзгө көрүнөрлүк натыйжаларды берүү үчүн конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Өзбекстандын президентинин аппаратынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугушууда президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев кеңири экономикалык интеграция жана өнөр жай кооперациясынын бекем пайдубалын түзүшкөнүн баса белгиледи.

"Мамлекет башчыларыбыз тарабынан айтылган демилгелерди жана макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу чек ара аймактарынын экономикалык өнүгүүсүнө мультипликативдик эффект түзүп, кошумча инвестицияларды тартууга, транспорттук жеткиликтүүлүктү чыңдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жыйынтыгында калктын жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенем", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жолугушуулардын жүрүшүндө өз ара кызыкчылыктардын жана кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тынымсыз кеңейип жаткандыгы белгиленди. Эми бул биз үчүн салтту болуп калган айыл чарба жана жашылча-жемиш соодасындагы салттуу кызматташтык гана эмес, ошондой эле автомобиль өнөр жайы, текстиль өндүрүшү, энергетика жана эл аралык маанидеги ири инфраструктуралык жана логистикалык долбоорлор болуп калды.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын эсептөөлөрү боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү бир нече эсеге көбөйүшү мүмкүн. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылары Акылбек Жапаров менен Абдулла Арипов экономикалык кызматташтыкты чыңдоого бекем ниеттерин ырастап, жаңы горизонтторду белгилешти.

"Өз ара сооданын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар жана ири биргелешкен долбоорлорду, атап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушун тез арада ишке ашырууга умтулабыз", - деди Абдулла Арипов.

Башка тармактарда да кызматташтык өнүгүүдө. Эске салсак, буга чейин Бишкек менен Ташкенттин ортосунда Чүй облусунда автозавод куруу боюнча келишим бар, ал жерде базарда суроо-талапка ээ болгон автоунаалардын кеңири ассортиментин, анын ичинде кичи автобустарды чыгаруу пландалууда. Ал эми Жалал-Абад облусунда өндүрүлгөн продукциясы эл аралык жогорку стандарттарга жооп бере турган биргелешкен ири текстиль ишканасы түзүлөт.

Акылбек Жапаров менен президент Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык жана экономикалык өз ара аракеттенүү программасынын бардык пункттарын ишке ашырууга байланышкан бардык маселелер талкууланды. Тараптар автомобиль өнөр жайындагы кооперациялык долбоорлорду тез арада ишке ашыруунун, биргелешкен пахта-текстиль кластерлерин түзүүнүн жана электр приборлорун өндүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан боордош республика менен жакшы коңшулаштык жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. "Мунун далили катары жакында эле Кыргыз Республикасына болгон иш сапарыңызда кол коюлган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация болуп саналат. Үстүбүздөгү юбилейлик жыл кыргыз-өзбек өз ара пайдалуу кызматташтыгынын бардык тармактарында жаңы жетишкендиктер, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу менен коштолот деп ишенем", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Өзбекстандын ири ишканаларды түзүү жана экономикага инвестиция тартуу боюнча топтогон тажрыйбасы Кыргызстан үчүн экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү үчүн өзүнүн өндүрүштүк базасын түзүүгө пайдалуу. Андыктан Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары расмий жолугушуулардан тышкары өнөр жай өндүрүш ишканаларына болгон сапарларга бай болду.

Министрлер кабинетинин башчысы "UzAuto Motors" заводуна барды, анда Chevrolet бренди менен Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Damas, Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse жана Tahoe сыяктуу автоунаа үлгүлөрү чыгарылат.

Кыргызстандын делегациясы ошондой эле Фергана жана Наманган облустарындагы жогорку сапаттагы эл аралык стандарттарга жооп берген текстиль продукциясын чыгарган жеңил өнөр жай ишканаларында болушту. Мындан тышкары, Акылбек Жапаров "Технопарк", "IT-парк" жана электр жабдууларын жана эсептегичтерди чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ташкентке болгон сапар Өзбекстан менен Кыргызстан бири-бири менен кызматташууга ачык экенин көрсөттү. Өлкө башчылары эки тараптуу мамилелердин конкреттүү экономикалык натыйжага жетишүүгө багытталган жаңы күн тартибин түзүштү, ал акырында эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгынын өсүшү үчүн шарттарды түзөт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий