• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстан жаңы чек ара көзөмөл жайларын ачышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймактарда жаңы чек ара көзөмөл-өткөрмө жайларын ачышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы саясат ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Бул маселелер Жалал-Абад (Кыргызстан) шаарында 2-8-май күндөрү өткөн кезектеги эки тараптуу жолугушууда талкууланган. Анда тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселесин карашкан.

“Эки мамлекет чектешкен аймактарда жашаган тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы көзөмөл-өткөрмө жайларын ачуу маселеси да талкууланды”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий