• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстандын Ала-Бука районундагы мамлекеттик чек ара сызыгы аныкталып, ратификацияланды – УКМК

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек ара сызыгы аныкталып, ратификацияланды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

“Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек жерлеринде делимитацияланган мамлекеттик чек ара 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы келишимине жана 2017-жылдын 2-октябрында ратификацияланган №173 мыйзамга ылайык аныкталган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, КР жарандарынын бир бөлүгү - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун чек арага канатташ аймактарынын тургундары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек жерлеринде мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүнө макул эместигин билдирип жатышат.

Аталган тилкелерде жагдай курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын Ала-Бука тилкеси боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Пунган багыты боюнча чек ара өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын чек арага канатташ аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Өзбекстандын аймагында өзбек тарап жүргүзүп жаткан геологиялык чалгындоо иштери убактылуу токтотулган.

Учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий