• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы маалымат агенттиктери кызматташмакчы

Коом 0

Ташкент, 14-март /Төдөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев кечээ Өзбекстандын улуттук “ӨзА” маалымат агенттигинин директору Маматкул Хазраткулов менен жолукту.

К.Таабалдиев Кыргызстанда ЖМК жаатында, андан тышкары заманбап шартта дүйнөлүк ааламдашуунун контекстинде “Кабар” маалымат агенттигинин түзүмүндө жүрүп жаткан реформалар тууралуу өзүнүн кесиптешине маалымат берди. Анын айтымында, чет өлкөлөрдө Борбордук Азияга бир аймак катары карашат, ошондуктан аларга аймактагы бардык өлкөлөрдүн жашоо-ишмердүүлүгүнүн жалпы картинасы тууралуу маалымат алуу кызыктуу. “Биздин кызматташтык бул багытта жакшы миссиянын ролун ойнойт жана чет элдик окурмандарды, андан тышкары биздин аймакка, анын ичинде биздин өлкөлөргө инвесторлорду тартууга жардам берет”,-деди ал.

Тараптар маалымат алмашуу, ар бир өлкөдө, андан тышкары жалпы эле аймакта болуп жаткан окуяларды чагылдырууда тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы агенттиктеринин ортосунда кызматташтык түзүүнүн практикалык маселелери талкуулашып, жакынкы күндөрү “Кабар” КУМА менен Өзбекстандын улуттук “ӨзА” агенттигинин ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол коюнун убактысын белгилешти.

К.Таабалдиев кыргыз-өзбек ТИМдер аралык саясий консультациясынын кезектеги раундун өткөрүү үчүн КР ТИМдин делегациясынын курамында Ташкентте жүрөт.


Пикир

Оставить комментарий