• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын Бажы кызматтары кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын Бажы кызматтары кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров баштаган кыргыз делегациясынын 2021-жылы 3-4-сентябрында Ташкент шаарында өткөн Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин ар жылдык 46-жолугушуусунун ишине катышуунун алкагында Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары Уткиржон Кодировдун жетектөөсү астында өзбекстандык кесиптештери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу салык органдарын тартуу менен маалыматтык өз ара аракеттенишүүнү кеңейтүү маселелери талкууланган.

Мындан тышкары, тараптар “Достук-автожол” өткөрүү пунктунда бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө заманбап санарип чечимдерди пилоттук жайылтуунун артыкчылыктарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий