• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстандын биринчи айымдары Улуттук тарых музейине барды. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Зироатхон Хошимова Бишкектеги Улуттук тарых музейине барышты.

Музейдин маалымат кызматынан билдиришкендей, эки өлкөнүн биринчи айымдарын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов жана музейдин жетекчиси Жылдыз Бакашова тосуп алды.

Маалыматта биринчи айымдар маданият чѳйрѳсүндѳ чоң иштерди аткарып келе жаткан илимий институт – тарых музейинин экспозициясындагы ата бабалардын жана түрк дүйнѳсүнүн түптүү тарыхын ачып кѳрсѳткѳн, түпкү булактык башат болгон уникалдуу коллекцияларды ѳтѳ кызыгуу менен кѳрүп чыгышкандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти 26-27-январь күндөрү мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда жүрөт. Эки өлкө лидерлери бүгүн, 27-январда, кеңири форматта жолугушуу өткөрүштү.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий