• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Аймак 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрь күнү саат 13:58де Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөөнүн очогу Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында, Пүлгөн айылынан 8 чакырым түндүк-чыгышта, Кадамжай шаарчасынан 10 чакырым түндүк-чыгышта, Ынтымак айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 95 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөө Кадамжай шаарчасында, Пулгөн, Ынтымак айылдарында - дээрлик 6 балл, Жийделик, Котур-Булак, Алга, Шуран, Марказ, Кара-Дөбө, Үч-Коргон, Кызыл-Булак, Котормо, Тамаша, Орозбеков айылдарында, Кызыл-Кыя шаарында - 5 балл, Кербен, Найман, Бор-Баш, Кожо-Арык, Кызыл-Булак, Беш-Буркан, Валакиш, Чаувай, Кара-Жыгач, Майдан, Кароол, Кара-Шоро, Гайрат, Кулду, Айдаркен, Жаңы-Коргон, Ормош, Сур, Кызыл-Коргон, Өтукчү, Сары-Өтөк, Кара-Тумшук, Жаңы-Жер, Кыргыз-Кыштак айылдарында - 4 балл, Баткен шаарында, Базар-Башы, Бүжүм, Ноокат, Фрунзе, Жаңы-Ноокат, Араван айылдарында - дээрлик 4 балл, Ош шаарында 3 балл болуп сезилген.

Пикир

Оставить комментарий