• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган орток иш-чараларды өткөрүү талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту.

Министрликтен кабарлашкандай, баарлашуунун жүрүшүндө тараптар маданият, спорт жана жаштар жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашып, мамлекет башчынын Өзбекстанга жасаган иш сапарында буга чейин макулдашылган келишимдерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолушту.

“Тактап айтканда, Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрүү, Өзбекстандын маданият жана искусство окуу жайларында таланттуу кыргыз жаштарын окутуу боюнча бөлүнгөн квоталарды ишке ашыруу, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын оңдоосу боюнча учурдагы жагдайлар жана эки өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган орток иш-чаралар боюнча талкуу болду”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар жаш муундар ортосунда адеп-ахлактык тарбия берүү максатында достук мамилелерди жана карым-катнашты орнотуу, тажрыйба алмашуу сапарлары, форумдар жана башка иш-чаралар аркылуу спорт жана жаштар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты арттыруу маселелерине токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий