• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн болуп көрбөгөндөй шарттар түзүлдү – Умурзаков

Экономика 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн болуп көрбөгөндөй шарттар түзүлдү. Бул тууралуу “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун ачылышында Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

“Буга эки мамлекеттин лидерлеринин саясий эрки жана жеке көңүл буруусу көмөктөшүүдө. Бул абдан туура. Биз тарыхый окуянын – Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алдында чогулдук. Бул сапар боордош элдердин өнөктөштүгүн жаңы сапаттык деңгээлге алып чыгат”, - деди Умурзаков.

Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылдын март айында Ташкентке болгон мамлекеттик сапары өкмөттөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо үчүн бекем негиз түзгөнүн белгиледи.

“Бүгүн бизде бири-бирибиз менен өз ара аракеттенүү үчүн болуп көрбөгөндөй шарттар түзүлдү. Саясий эрк биринчи натыйжаларды берди. Стратегиялык кызматташтыкты орнотуу үчүн алгачкы кадамдарды жасадык. Өзбекстандын президентинин демилгеси менен түзүлгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду буга чейин Кыргызстанда бир нече долбоорлорду каржылаган. Бул соода кызматташуу долбоорлору, бирок биз күч-аракетибизди инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытташыбыз керек”, - деди Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 168 млн долларлык 11 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Маалымат үчүн: бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий