• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Кыргыз РеспубликасынынпПремьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташтыктын учурдагы маселелери, республикалардагы коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал жана анын жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн актуалдуу маселелер боюнча маалыматтарды ыкчам алмашууну жүзөгө ашырууга макулдашты. Коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды жеткирүү адаттагы режимде үзгүлтүксүз ишке ашырылып турат.

Пикир

Оставить комментарий