• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-январда КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту.

КР Экономика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ушул жылдын 26-27-январында Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле 26-январда КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Сардор Умурзаковдун катышуусунда өтүүчү Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форумуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары да талкууланды.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын 1 айында Кыргызстандын Өзбекстан менен болгон соода жүгүртүүсү 543,1 миллион долларды түздү. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,8%га көптүк кылат, анын ичинде экспорт – 211,8 млн доллар (29,7%га өсүү), импорт – 331,4 млн доллар (15,7%га өсүш) түздү.

Пикир

Оставить комментарий