• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 28 жылдыгына карата

Аналитика 0

Кыргыз Республикасы үчүн Өзбекстан Республикасы менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүктүрүү мамлекеттин тышкы саясатынын башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Жалпы тарых, маданияттардын, каада-салттардын, руханий жана диний баалуулуктардын окшоштугу менен байланышкан боордош элдердин достугунун кылымдар бою түзүлгөн байланыштары, тең укуктуу кызматташуунун бекем негизи болуп саналат.

Быйыл биз заманбап эки тараптуу мамилелердин 28 жылдыгын белгилеп жатабыз. Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1993-жылы 16-февралда түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 1-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүн Ташкент шаарындагы Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигине өзгөртүү жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 30-ноябрындагы № 585 «Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги жөнүндө» токтомуна ылайык биздин чет мамлекеттеги өкүлчүлүгүбүз Ташкент шаарында түзүлгөн.

Достук жана өз ара түшүнүү духунда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн керектүү негизди түзүүгө даярдыгын билдирип, 1996-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда Түбөлүк достук келишими түзүлгөн.

28 жылдык мааракенин алдында, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү үчүн өз иши менен бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, бардык жолдорду, анын ичинде расмий –дипломатиялык жолдорду ачкан дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчыларын белгилеп кетүү да маанилүү. Алардын арасында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү болгон. Кыргыз дипломатиясынын башында туруп, чоң жоопкерчилик сезими менен Кыргызстандын Өзбекстандагы өкүлү болушкан.

1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин өкүлдөрү катары Капаров Мирза Кулматович (1992-1993-жж.), Жигитов Салижан Жигитович (1993-1995-жж.), Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер: Сыдыков Батырали Сыдыкович (1995-2001-жж.), Чыналиев Улугбек Кожомжарович (2001-2006 жж.), Мадмаров Азизбек Маматович (2006-2010-жж.), Мокеев Анварбек Мокеевич (2011-ж), Узакбаев Эмилбек Узакбаевич (2012-2016-жж.) жана Сыдыков Данияр Батырович (2016-2018-жж.) болушкан. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы Жарлыгына ылайык, Джунусов Ибрагим Коджоназарович Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин жаңы имаратынын ачылышы боюнча иш-чарага эки мамлекеттин башчылары катышкан.

Дипломатиялык мамилелер орнотулгандан тартып Өзбекстанда иштеген кыргыз дипломатиялык миссиясынын башчылары биздин элдерибиз менен мамлекеттерибиз, элдер - коңшулар жана жакын туугандар, тең укуктуу, эл аралык деңгээлде таанылган, эгемендүү эки мамлекет катары чогуу жашашына чоң салым кошушту.

Бул убакыт аралыгында алар көп нерселерди жасашты: саясий байланыштар улантылды, келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлуп, экономикалык кызматташуунун механизмдери иштей баштады, гуманитардык байланыштар бекемделди жана эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнүн жакшы тажрыйбасы топтолду.

Акыркы отуз жылга жетпеген убакыт аралыгында кыргыз-өзбек мамилелери ар кандай мезгилдерди баштан кечирди. Мыкты жол менен өнүкпөгөн учурлар да болду. Бирок, кыргыз жана өзбек элдеринин бекем тарыхый жана кылымдарды карыткан боордоштук байланыштарына таянып, ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо осуяттарын аткарып, Кыргызстан менен Өзбекстан бири-бирине болгон урмат-сыйды, ишенимди жана ачыктыкты сактоого жетишти.

Аталган мезгил аралыгында өлкөлөр биргелешкен аракеттер менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө жетишишти. 180ге жакын документ кирген эки тараптуу кызматташуунун абдан бекем укуктук базасы түзүлдү.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлинин көрүнүктүү тастыктоосу катары эң жогорку жана жогорку деңгээлдериндеги үзгүлтүксүз жолугушуулар болуп эсептелет. Алардын ичине БУУ, ШКУ, КМШ, ТМКК, ЕАЭБ, ИКУ жана башка уюмдардын алкагындагы ири эл аралык жана регионалдык иш-чаралардагы үзгүлтүксүз жолугушуулар кирет.

Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамилелери сапаттык жаңы деңгээлге - стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлдү. Ушуга байланыштуу, сегиз жылдык тыныгуудан кийин эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындары жанданып, эки тараптуу 42 документке, анын ичинде мамлекеттик чек ара жөнүндө Келишимге, стратегиялык өнөктөштүктү, достукту, ынак коңшулукту жана ишенимди чыңдоо жөнүндө Декларацияга, чек ара аймагындагы ишеним чаралары жана коргоо ведомстволору ортосундагы кызматташтык боюнча Келишимге жана башкаларга кол коюлган 2017-жылды белгилей кетүүгө болбойт.

Мамлекеттик чек аранын 85 пайызы макулдашылган, айрым өткөрүү пункттарынан чектөөлөр алынып, Кыргыз Республикасындагы гидроэнергетикалык курулуштарды куруу, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу жана «Кашкар-Иркештам-Ош-Андижан-Ташкент» маршруту боюнча жаңы автоунаа жол коридорун ачуу маселелеринде өз ара түшүнүшүү бар.

2018-жылы парламенттик делегациялардын бир катар өз ара иш сапарлары, анын ичинде Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Н.Исмоилов башында турган Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлис делегациясынын 15-ноябрда Бишкек шаарына иш сапары уюштурулган. Азыр Олий Мажлис Сенатынын башчысынын Бишкек шаарына расмий сапарын күтүп жатабыз.

Өкмөт башчылары да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Акыркы бир нече жылдын ичинде алар Бишкек, Фергана жана Ош шаарларындагы эки тараптуу иш-чаралардын алкагында, ошондой эле Ташкентте, Москвада, Сочиде жана Душанбеде өткөн эл аралык саммиттердин алкагында бир нече жолу жолугушту.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары, алардын орун басарлары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары ортосунда туруктуу жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлүп турат. Буга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин өткөн жылдын ноябрь айында Өзбекстанга болгон иш сапарын жана анын Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Арипов, Өзбекстан Республикасынын Вице-премьер-министри – Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар жана тышкы соода министри А.Умурзаков жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри А.Камилов менен жолугушууларын белгилесек болот.

Чек арадагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Өкмөттөр аралык иш-чаралар планы ийгиликтүү ишке ашырылып жатат, Кыргызстандын Өкмөтүнүн чек ара аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын хокимдеринин Кеңешинин жолугушуулары өткөрүлүп жатат, акыркы иш-чара 2020-жылы декабрда Ферганада эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери А.Новиков жана С.Умурзаковдун катышуусунда өткөн. Бишкек жана Ташкент, Ош жана Андижан, Жалал-Абад жана Наманган, Баткен жана Фергана шаарларынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

Соода-экономикалык байланыштар ыраттуу бекемделүүдө. 2020-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 239,5 миллион АКШ долларды түздү. Соода көрсөткүчтөрдүн бир аз төмөндөшүнө көбүнчө пандемияга байланыштуу чектөө чаралары таасир этти. Ошол эле учурда, соода-экономикалык кызматташтыкка импульс берүү максатында, жогоруда аталган Кеңештин жыйынынын жыйынтыгында, тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара пайдалуу практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө Протоколго кол коюшкан. Ушул Протоколдун алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү биргелешкен долбоорлорду каржылоо үчүн 50 миллион АКШ долларын түзгөн уставдык капиталы менен биргелешкен инвестициялык фонд түзүү механизмдерин караштырууда.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 24-декабрында, видеоконференцбайланыш форматындагы жыйындын алкагында, өнөр жай кооперация чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча «Жол картасы» практикалык иш-чаралар планына кол коюлду.

Ушуну менен катар, жакында кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынын уюштуруу менен эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-өзбек комиссиянын 9-жыйыны өткөрүү пландаштырылууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2021-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстан Республикасында Өзбекстанга ташылып киргенде 73 товардык позиция боюнча, анын ичинде айрым товарларга (суу, колбаса, сүт азыктары) акциздик салыктар жоюлган, бул эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн андан ары да өсүүшүнө өбөлгө түзөт. Жалпысынан бул багытта кызматташуунун потенциалы зор.

Биз маданий-гуманитардык алмашууну да кыйла активдештирүүгө жетиштик. 2018-жылы Кыргызстан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгиледи. Өзбекстанда жогорку деңгээлде майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Өзбекстандын Кыргызстандагы жана Кыргызстандагы Өзбекстандагы маданият жана искусство күндөрү өткөрүлдү.

Албетте, пандемияга байланышкан кырдаал 2020-жылы кызматташуунун динамикасына таасирин тийгизип, аны жеңүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарылдыгын көрсөттү. Бул багытта өлкөлөр биргелешкен ишти бир кыйла активдештире алышты. Достуктун жана өз ара жардамдашуунун салттуу принциптерин кармануу менен, Өзбекстан тарап Кыргызстанга бир нече жолу колдоо көрсөтүп, анын ичинде Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай районунда модулдук ооруканаларын да кургандыгын белгилей кетүү керек.

Биз Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесин мыйзамдуу каттоону аяктоого жана аны достуктун, ынак коңшулуктун жана кызматташтыктын чек арасына айландырууга, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, аймактар аралык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган ишти албетте улантабыз.

Жыйынтыктап жатып, көп кырдуу кыргыз-өзбек мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорулагандыгын белгилегим келет. Бул өнөктөштүктү өнүктүрүүнү сактоо жана бекемдөө абдан маанилүү. Биз биргелешкен аракеттер менен достук мамиледеги Кыргызстан менен Өзбекстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары дагы өнүктүрөбүз деп ишенем.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов атайын "Кабар" агенттиги үчүн

Пикир

Оставить комментарий