• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде республикалардагы коронавирус инфекциясы боюнча жагдай, анын жайылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер бар.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин цементти импорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде кыргыз тараптын өтүнүчүн эске алуу менен 2020-жылдын 22-майында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 2020-жылдын 23-майынан тарта Өзбекстан Республикасына цемент ташууну жандантуу жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Мындан тышкары тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча ыкчам маалымат алмашуу тууралуу макулдашышты. Учурда коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды ташуу штаттык режимде тоскоолдуксуз жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий