• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан Республикасына иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов биринчи кезекте эки өлкөнүн товар айлантуусунун өсүүсүндө сезилген кыргыз-өзбек кызматташуусунун бардык багыттарда активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Мындан тышкары Өкмөт башчылар аймактар аралык кызматташууну мындан аркы активдештирүүнүн маанилүүлүгүн ырасташып, аймактар ортосундагы түз байланыштарды тереңдетүүгө жаңы дем берүү үчүн Кыргызстандын чек аралык облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек аралык облустарынын хокимдеринин Кеңешинин кезектеги жыйынын жакын арада Чолпон-Ата шаарында өткөрүүнү макулдашышты.

Учурдан пайдаланып Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын жетекчилигине Ош шаарында мектептин курулушу үчүн ыраазычылык билдирди жана бул окуу жай кыргыз-өзбек достугунун символдорунун бири болуп каларына ишеним көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий