• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Президент 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Төмөндө билдирүүнүн тексти:

«Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстан Республикасында мамлекеттик сапар менен болду.

Ачык-айкын, достук маанайда жана конструктивдүү жагдайда өткөн үзүрлүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын (мындан ары — Тараптар) ортосундагы мамилелердин учурдагы деңгээлин жогору баалашты.

Президенттер көп кырдуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн кеңири чөйрөсү, ошондой эле эки тарапты кызыктырган регионалдык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча пикир алышты.

Мамлекет башчылары ынак коңшулук жана өз ара урматтоонун туруктуу принциптерине негизделген эки өлкө элинин кылымдарды карыткан тарыхый жана маданий жалпылыктарына таянуу менен,

эки тараптуу мамилелердин стратегиялык мүнөзү эки өлкөнүн маанилүү жана узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктарына жооп берерине, ошондой эле Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууда чечүүчү фактор катары кызмат кыларына бекем ишеним билдирүү менен,

1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жана 2017-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк, достук, ынак коңшулук жана ишеним жөнүндө декларациянын жоболорун жетекчиликке алуу менен,

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн жакында боло турган 30 жылдыгына чоң маани берүү менен,

кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, Тараптар ортосунда жетишилген келишимдердин өз убагында жана толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылууга умтулуу менен, төмөндөгүлөрдү билдирет:

  1. Мамлекет башчылары мамлекеттердин көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн урматтоонун, бири-биринин ички ишине кийлигишпөө, теңдик жана өз ара пайдалуу принциптеринин негизинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, ынак коңшулук жана ишеним мамилелерин жигердүү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүү ниеттерин ырасташат.
  2. Тараптар конструктивдүү саясий диалогду өркүндөтүү жана кыргыз-өзбек мамилелерин прогрессивдүү кеңейтүү максатында эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланышты колдоо тууралуу макулдашты.

Өзбек тарап 2021-жылдын 10-январында демократиялык нукта өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо ийгиликтүү жүзөгө ашырылгандыгын белгиледи.

  1. Кыргыз тарап Өзбекстан Республикасынын Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларын туруктуу негизде өткөрүп туруу демилгесин, ошондой эле Борбордук Азия чөлкөмүндө аймактык жана эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө, региондук интеграцияны бекемдөөгө багытталган аракеттерин колдой тургандыгын ырастады.

Тараптар эпидемиологиялык кырдаалдын жакшыруусуна жараша 2021-жылы Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусун өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

  1. Тараптар Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун актуалдуу маселелери боюнча позицияларынын дал келгенин ырасташты. Өз ара пайдалуу жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоонун негизинде Борбордук Азиядагы регион ичиндеги маселелердин бардык комплекси боюнча региондогу мамлекеттердин өздөрүнүн макулдашылган жана өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
  2. Тараптар эл аралык аренада эки тараптуу кызматташууну улантуу жана бекемдөө үчүн олуттуу потенциалдын бар экендигин белгилешти жана Бириккен улуттар уюму, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму, Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө умтула тургандыгын билдиришти.
  3. Мамлекет башчылары дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Борбордук Азияга буруу жана алардын кызыкчылыктарын көп тараптуу эл аралык платформаларда илгерилетүү максатында Бириккен улуттар уюмунун алкагында координациялоону, өз ара колдоону жана биргелешкен аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган алдыдагы жогорку деңгээлдеги Европа Биримдиги — Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун Кыргыз Республикасында өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

  1. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара линиясынын өтүшүн укуктук жактан тариздөөнү аягына чыгаруу жана аны достуктун, ынак коңшулуктун жана кызматташтыктын чек арасына айландыруу бир тууган эки элдин кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгын баса белгилешти.

Тараптар 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз-Өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин тарыхый маанисин тастыктап, эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларына Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин делимитациялоону аяктоо үчүн сүйлөшүү процессин активдештирүүнү тапшырышты.

  1. Президенттер 2004-жылдын 24-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуунун толук иштешинин маанилүүлүгүн белгилешти, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн учурдагы деңгээлин эске алганда, ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
  2. Тараптар эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын кызматташтыгына оң баа беришти жана парламенттер аралык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын алкагындагы диалогду андан ары активдештирүүнү колдой тургандыгын белгилешти.
  3. Мамлекет башчылары терроризм, диний экстремизм, баңги заттарынын, курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, адам сатуу, башка региондук жана эл аралык коопсуздук коркунучтары жана чакырыктары менен күрөшүүдө эки тараптуу кызматташууну андан ары өркүндөтүү жана активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Президенттер Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы катышуучусу болуп саналган, буга чейин кабыл алынган бардык эл аралык укуктук актыларды, анын ичинде 2017-жылдын 6-октябрындагы Чек ара аймагындагы ишенимди бекемдөө чаралары боюнча макулдашууну карманарын ырасташат.

Бул багытта Кыргызстан менен Өзбекстандын тийиштүү түзүмдөрүнүн ортосунда кызматташтык улантылат.

  1. Мамлекет башчылары Тараптар ортосунда кол коюлган эки тараптуу документтердин өз убагында жана милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылышын жактаарын билдиришти жана соода-экономикалык, банктык-финансылык, илимий-техникалык, транспорттук-коммуникациялык кызматташтык, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты пайдалануу, туризм жаатында жана башка багыттардагы өз ара аракеттенүүнүн келишим-укуктук базаларын мындан ары өркүндөтүү боюнча аракеттерди көрүүгө макулдашты.
  2. Президенттер эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыты катары өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү экендигин баса белгилешти.

Тараптар өз ара соода-сатык чөйрөсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешип, жакынкы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүүнү диверсификациялоо жана анын көлөмүн 2 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү жана анын көлөмүн андан ары өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгилешти.

Ушул максатта Тараптар товар жүгүртүүгө эки өлкөнүн рыногунда суроо-талапка ээ кошумча наркы жогору продукцияны кошуп киргизүү менен товарлардын ассортиментин андан ары кеңейтүү боюнча зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.

Тараптар тышкы соода инфраструктурасын жана экспорттук-импорттук операцияларды колдоо механизмдерин жигердүү өнүктүрүү, ошондой эле бизнес-форумдарды жана өнөр жай продукцияларынын улуттук көргөзмөлөрүн өз ара негизде өткөрүү зарылдыгын билдиришти.

Мамлекет башчылары иштеп жаткан соода үйлөрүнүн эки тараптуу сооданы өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун баса белгилешти.

  1. Мамлекет башчылары агроөнөр жай комплекси, айыл чарба, машина куруу, жеңил өнөр жай, транспорт жана байланыш ишканаларынын өндүрүштүк кооперациясын кеңейтүү, биргелешкен маанилүү, анын ичинде мамлекеттик органдардын маалыматтык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү долбоорлордун санын көбөйтүү үчүн чоң потенциал бар экендигин белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында жеңил автомобиль, айыл чарба жана чиркегич техникасын, үй тиричилигинде колдонулуучу техниканы чогултуучу өндүрүштөрдү уюштуруу, ошондой эле чек ара аймагында текстиль жана курулуш материалдарын өндүрүүчү биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн жагымдуу шарттарды жаратуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Агроөнөр жай комплекси жаатында байланыштарды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен бирге, президенттер айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тармактык ведомстволордун жана илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы кызматташтыкты арттырууга чакырышты.

  1. Мамлекет башчылары жарыяланган капиталы 200 миллион АКШ доллары болгон Өзбек-Кыргыз Өнүгүү фондун түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, тараптардын өкмөттөрүнө анын ишин тез арада баштоо үчүн практикалык чараларды көрүүнү тездетүүнү тапшырышты.
  2. Президенттер тышкы рынокко эң кыска жана натыйжалуу чыгууну камсыз кылган транспорт жана транзиттик коридорлорду өнүктүрүү жаатындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын стратегиялык мүнөзүн баса белгилешти.

Мамлекет башчылары региондогу эң пайдалуу жана натыйжалуу транзиттик коридор катары Борбордук Азиянын жагымдуулугун арттырууга өбөлгө боло турган „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол магистралынын курулушу эки мамлекеттин түпкү кызыкчылыгына толук жооп бере тургандыгын баса белгилешти.

Ушуга байланыштуу Тараптар бул маанилүү долбоорду жүзөгө ашырууда биргелешип иш алып барууну улантышат.

Ошондой эле Тараптар аймактагы жүк ташуунун көлөмүн мындан ары көбөйтүү үчүн эл аралык „Ташкент-Андижан-Ош-Эркечтам-Кашкар“ мультимодалдык каттамынын ири потенциалын пайдаланууну активдештирүү тууралуу макулдашты.

Тараптар эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы автобус, темир жол жана аба каттамдарын калыбына келтирүү Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жүк ташуу, жүргүнчү жана туристтик агымдын көбөйүшүнө өбөлгө түзө тургандыгын белгилешти.

  1. Президенттер эки мамлекеттин өкмөт башчылары жетектеген Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара облустарынын хокимдеринин кеңешинин соода-экономикалык, транспорттук-транзиттик, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн бул тармактарда, анын ичинде чек аралык мүнөздөгү өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелерин чечүүдөгү маанилүү ролун баса белгилешти.

Тараптар Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы арада өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

  1. Тараптар эки өлкөнүн элдеринин достугун чыңдоо максатында иш-сапарлар менен алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого артыкчылыктуу көңүл бурушат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы Региондор аралык кызматташтык жөнүндө макулдашууну, ошондой эле эки өлкөнүн аймактары менен шаарларынын ортосундагы макулдашууларды жана жол карталарын практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

  1. Тараптар чек ара аймактарында жашаган жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди эске алуу менен аталган аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
  2. Кыргызстан жана Өзбекстан Борбордук Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү жана сарамжалдуу пайдаланууну колдошот. Ушул максатта өз ара пайдалуу кызматташуунун туруктуу узак мөөнөттүү механизмдерин иштеп чыгуу тууралуу макулдашты.

Өзбек тарап Кыргыз Республикасында гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр экендигин билдирди.

  1. Тараптар табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташууну активдештирүүнүн жана тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар ведомстволору жана гидрометеорологиялык кызматтарынын ортосунда бийик тоолуу кооптуу көлдөрдүн абалы тууралуу, эки өлкөнүн аймагында жайгашкан радиоактивдүү жана уулуу калдыктар көмүлгөн жайлардын радиоэкологиялык жана геотехникалык абалы жөнүндө системалуу түрдө маалымат алмашууну жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө.

  1. Мамлекет башчылары эки өлкөнүн коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтыгына оң баа беришти.

Кыргыз тарап пандемия учурунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам, анын ичинде Бишкек шаарында, Чүй жана Баткен облустарында модулдук ооруканаларды кургандыгы үчүн өзбек тарапка ыраазычылыгын билдирет.

Тараптар саламаттык сактоо, вакциналарды, дары-дармектерди жана башка медициналык жана фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү жана жеткирүү жаатында адистештирилген түзүмдөрдүн биригүүсүн күчөтүүнүн жана өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

  1. Тараптар маданият, билим берүү, илим, спорт, туризм сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүнү улантышат, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын, илимий мекемелердин, достук коомдорунун, көркөм жана театралдык жамааттардын ортосундагы достук алмашуу мамилелерин чыңдашат.

Мамлекет башчылары өз ара маданий алмашуу эки элдин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана өз ара түшүнүшүүнү арттырууга өбөлгө болорун белгилешти. Өз ара Маданият күндөрүн жана башка гуманитардык иш-чараларды өткөрүүнү улантуу макулдашылды.

Тараптар билим берүү жаатында, анын ичинде ЖОЖдордун түздөн-түз байланыштарынын деңгээлинде түзүлгөн кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.

  1. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо жаштар саясатынын, анын ичинде өсүп келе жаткан муунду руханий, адеп-ахлактык жана укуктук жактан тарбиялоо, укуктарын коргоо жана алардын талантын жана умтулууларын коомдун кызыкчылыгында колдоо көрсөтүү маселелери келечектүү багыттар болуп калышы мүмкүн деп макулдашты.
  2. Тараптар туруктуу өнүгүү максатында коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууда, адамдык потенциалды толук ишке ашырууда чечүүчү ролду ойногон аялдардын гендердик теңчилигин жана алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдой тургандыктарын ырасташты.
  3. Тараптар эки мамлекеттин аймагында жашаган кыргыз жана өзбек жамааттарына эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле окуу китептерин жана окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү улантышат, өз мамлекетинин аймагында турган экинчи тараптын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшөт.
  4. Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон учурдагы иш-сапарынын жыйынтыгына канааттангандыктарын билдиришип, болуп өткөн сүйлөшүүлөр жана иш-сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтер эки тараптуу кызматташуунун ар кандай тармактарда мындан ары өнүгүшүнө жаңы дем берерин жана мамлекеттер аралык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүүгө чоң салым кошорун баса белгилешти.
  5. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге жана өзбек элине кыргыз делегациясына көрсөткөн салттуу меймандостугу, жылуу жана достук маанайда кабыл алуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди Кыргыз Республикасына иш-сапар менен келүүгө чакырды.

Иш-сапардын конкреттүү даталары дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат».

Пикир

Оставить комментарий