• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2018-жылы дээрлик эки эсе өстү

Экономика 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 189,6%га өсүп, 481 млн. долларды түзгөн. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Анын айтымында, экспорт 348,2 млн. долларды, импорт 132,8 млн. долларды түзгөн.

"Биздин республиканын тышкы соода жүгүртүүсүндө Кыргызстандын үлүшү 1,4%ды түзөт. Кыргызстан Өзбекстандын соода жүгүртүүсүндө ири үлүшү бар 20 өлкөнүн катарына кирет: экспорт боюнча 6-орунда, импорт боюнча 20-орунда", - деди ал.

Ошондой эле ал кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 2017-жылдын 5-сентябрында түзүлгөн келишиминде камтылбаган кыргыз-өзбек чек ара сызыгын белгилөө боюнча иштер уланып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары ал 2018-жылы Өзбекстанга 1 млн. кыргызстандык барганын кошумчалады. Ал эми 2017-жылы 360 миң киши барган.

Пикир

Оставить комментарий